16-мартка карата Токтогул суу сактагычында 9 млрд 51 млн куб метр суу бар

16 марта 2021, 09:35

Бүгүн, 16-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 51 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 173 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 641куб метрге жетүүдө.