11-мартка карата Токтогул суу сактагычында 9 млрд 223 млн куб метр суу бар
Бүгүн, 11-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 223 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 184 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 442 куб метрге жетүүдө.