Токтогул суу сактагычында 15 млрд 194 млн куб метр суу бар

5 октября 2020, 10:40

Бүгүн, 5-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 194 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 259 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 288 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.