Токтогулда суунун көлөмүнүн кескин азайып кетүү коркунучу бар

4 марта 2024, 14:40

Токтогулда суунун көлөмүнүн кескин азайып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, учурда башкы резервуарда нымдуулуктун көлөмү 7,7 миллиард кубометрди түзөт.

"Бул соңку жылдардагы эң төмөн көрсөткүч. Электр энергиясы көп колдонулгандыктан, айрыкча кечкисин автоматика системасы иштеп жатат. Ошондуктан айрым райондордо электр кубатын өчүрүү жолу менен жөнгө салуу чаралары жүргүзүлөт", - деди Байгазиев.

Белгилеп кетсек, суу 6,5 миллиард метр кубду түзсө - кескин азайып кеткенди түшүндүрөт. Мындай көлөм менен өлкөнүн башкы ГЭСи электр энергиясын өндүрө албайт.