Тоолуу аймактарда төрөлгөн балдарга жөлөкпул берүү каралууда

23 января 2024, 11:00

Кыргызстанда алыскы аймактарда, тоолуу жана жетүүгө татаал болгон райондордо, өзгөчө макамы бар чек арага жакын жайгашкан калктуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо максатында жөлөкпул берүү каралууда.

Тиешелүү мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Анын демилгечиси депутат Камила Талиева.

Мыйзам долбоору аркылуу өлкө мыйзамынын нормаларын эске алуу менен үй-бүлөдө үчүнчү болуп төрөлгөн балага жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдө ай сайын жөлөкпул берүү сунушталууда.

Камила Талиева билдиргендей, мындай жөлөкпул ала турчу 102 миң бала бар. Ал эми учурда 102 миң баланын ичинен болгону 17 миң (11%) бала жөлөкпул аларын депутат белгиледи.