«Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттери дем алышсыз күнү-түнү иштейт

1 марта 2024, 10:35

Бүгүнтөн тарта “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттарында бажы кызматкерлери дем алышсыз күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Бул үчүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан бекеттерде бардык зарыл иштер жүрдү. Алсак, “Торугарт” пунктунда “Торугарт-2” комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты жол тилкеси курулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулду.

Мында бир эле учурда алты унаага карата бажы контролу жүргүзүлөт.