Товарларды жалган декларациялоо фактысы аныкталды

16 февраля 2021, 14:30

Товарларды жалган декларациялоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматынын кызматкерлери көчмө бажы текшерүүсүн жүргүзүүдө жеке ишкер «Т.А.Т.» үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташып кирген товарларды жалган декларациялоо катары каралган бажылык укук бузуу фактысын аныкташты.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн болжолдуу суммасы 22 миллион сомдун тегерегин түзөт.