Транспорт жана жол министрлигиндеги кызматкерлердин эмгек акысы 8 миң сом

7 февраля 2020, 11:40

2019 - жылы транспорт жана жол министрлигине 36 жаңы кызматкер келип, 35 жумушчу бошотулган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Борбордук аппаратка 27 жаңы кызматкер дайындалып, кайра 27 жумушчу кызматынан бошотулган, ведомстволук бөлүмдө 9 кызматкер жумушка алынып, 8 - жумушчу кызмат ордунан бошотулган.

«2019 - жылы 12 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Анын ичинен, 8 эскертүү алынган», - деп билдирди.

Айлык акынын орточо суммасы 8 миң сомду түзөт.

«Биз бул айлык акы боюнча өкмөткө бир нече ирет кайрылганбыз», - деп кошумчалады.