Транспорт мин: Ушул жылы узундугу 458,5 км жолду оңдоо пландаштырылган

10 августа 2020, 16:38

2020-жылы узундугу 458,5 чакырым жолду оңдоо пландаштырылган. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев бүгүн, 10-августта Өкмөттөгү брифинг учурунда билдирди.

Ушул жылы жол курулуш иштеринин төмөнкү түрлөрүн жүргүзүү пландаштырылган:

- a / b кабыктарын орнотуу - 145 км;

- ШПО шайманы - 204 км;

- шагыл төшөө - 104 км;

- кара шагыл төшөө - 5,5 км.