Транспорт министрлиги 700 атайын техника сатып алат

6 декабря 2023, 14:11

Транспорт жана коммуникация министрлиги жолдорду курууга жана оңдоого 700 даана атайын техника сатып алат. Бул тууралуу Тилек Текебаев билдирди.

Маалыматка ылайык, техниканын 265и өлкөгө жеткирилди, ал эми калган 435ин жакынкы убакта сатып алуу пландалууда.

“Техника лизингге алынат, баштапкы төлөм жалпы сумманын 30%ын түзөт. Калган 70%ын үч жыл бою квартал сайын төлөп туруу пландалууда", - деди ал.