Транспорт министрлиги келерки жылы 30 миң тонна битум сатып алат

19 декабря 2023, 14:50

Кыргызстанда 2024-жылы жолдорду оңдоо жана куруу үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 30 миң тонна битум сатып алат. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин келишимдер түзүлүп, мекеме жакынкы аралыкта акча бөлөт.

“Дайын келишимдер бар, убакытты текке кетирбөө үчүн биз алар боюнча төлөмдөрдү жүргүзүп, аба ырайынын жылышы менен дароо оңдоо иштерин баштайбыз”, - деп кошумчалады министр.

Ошондой эле, ал келерки жылдын бюджетинде өлкөнүн жол кызматтары үчүн жаңы атайын техникаларды сатып алууга каражат каралганын белгиледи.