Төрөбаев: Чүй облусу боюнча ирригация маселеси жакшырат

18 апреля 2022, 12:10

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар ирригациялык объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Төрөбаев Чүй айланма каналынын экинчи кезектеги курулушунун долбоору, Боролдой суу сактагычын жана Шамшы дарыясындагы суу сактагычты куруунун долбоорлору менен таанышты.

Ал аталган долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын курулушу аймактардын сугат менен камсыздалышын жогорулатат жана жаңы сугат жерлерин ишке киргизип, жалпы Чүй облусу боюнча ирригация маселесин жакшыртат деп билдирди.

Учурда аталган долбоорлордун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо процесси уланууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоордун эффективдүү жана сарамжалдуу варианттарын тандап алуу менен бул маселелерди сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.