Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

12 января 2024, 13:25

Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам былтыр 6-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Документ Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт. Анын алкагында артыкчылыктуу долбоорлор жеңилдетилген шарттарда каржыланат.