Түркияда иштеген кыргызстандыктар келечекте пенсия ала алышат

24 января 2024, 11:56

Эгер кыргызстандык жарандар Түркияда иштесе, келечекте пенсия алуу укугуна ээ. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 1-ноябрынан тарта Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо келишими күчүнө кирген.

Бул келишимге ылайык, бүгүнкү күнгө чейин түрк өкмөтүнөн 212 эмгек стажы боюнча суроо-талаптар келип түшкөн. Анын ичинен 210 кайрылуу каралып, тиешелүү жооптор берилди.

Келишимге ылайык, Түркия Кыргызстандын биринчи жаранына пенсия дайындаган.