Түркиялык фармкомпания Кыргызстанда завод ачууга кызыктар

12 февраля 2024, 10:00

Түркиянын “Battal Holding” фармацевтикалык компаниясы Кыргызстанда завод ачууга жана андан ары Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттерге экспортко чыгууга даяр. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында аталган компаниясынын жетекчиси Мехмет Берат Баттал менен жолугушууда белгилүү болду.

Ал эми өкмөт башчы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын аймагынан завод курууга жер бөлүп берүүгө, салык жана электр энергия жагынан жеңилдиктерди берүү сыяктуу ар тараптуу кызматташууга кызыктар экенин айтып, компания жетекчилигин Кыргызстанга келип кетүүнү сунуштады.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Түрк фармацевтика жана сыворотка өнөр жай акционердик коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.