Түркиянын Борбордук банкы эсептик ченди 45%га көтөрдү

31 января 2024, 13:15

Түркиянын Борбордук банкы эсептик ченди 45%га көтөрдү. Аталган мамлекетте жогорку инфляция менен күрөшүү үчүн акча-кредит саясаты катаалданууда.

Регулятордун айтымында, өткөн жылдын декабрь айында анын көрсөткүчтөрү өсүүнү улантып, дээрлик 65%га жеткен. Ал эми январь айынын башында түрк валютасынын курсу тарыхта биринчи жолу 1 долларга 30 лирадан ашты. Буга дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу да таасир этүүдө.

Негизинен тамак-аш жана суусундуктар, ошондой эле турак жайдын баасы кымбаттаган.