Түркиянын эки шаарынан Ошко аба каттамдар ачылат
Түркиянын Даламан жана Анталья шаарларынан “Ош” эл аралык аэропортуна каттамдарды ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, авиакаттамдар “Пегасус” авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.
Анын алкагында, “Анталья-Ош-Анталья” багыты боюнча каттам 2-июндан 29-сентябрга чейин, дүйшөмбү жана жума күндөрү уча турганы пландалып жатат.
“Даламан-Ош-Даламан” багыты боюнча каттамды 4-июндан 27-сентябрга чейин, шаршемби жана ишемби күндөрү аткаруу пландалууда.