Түштүктөгү чарбалар аттестациядан өткөрүлүүдө

17 февраля 2022, 14:00

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы чарбалар аттестациядан өткөрүлүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз өкмөтүнүн №516 токтомунда көрсөтүлгөн минималдык талаптарга жооп берген чарбалар "Асыл тукум" статусуна ээ болушат.

Ал эми Чүй , Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы чарбалар 2022-жылдын 1-мартынан тарта аттестациядан өткөрүлөт.