Туристтик объекттерди кургандар 5 жыл салыктан бошотулушу мүмкүн

20 декабря 2023, 14:14

Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объекттерди салгандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү өлкөнүн экономикасына 20%га чейин салым кошо алат.

"Быйылкы туристтик агым Кыргызстанга суроо-талаптын чоң экенин көрсөттү, ошондуктан муну эске алуу менен Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объектилерди салгандарды 5 жылдык салыктан, андан тышкары, артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор макамын берүү менен бажы төлөмдөрүнөн дагы бошотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта 5 жылдыздуу мейманкаларды куруу боюнча долбоорлор бар, ошондой эле учурда Орусия жана Бириккен Араб Эмираттарынан дагы инвесторлор тармакка кызыгуусун билдиришүүдө", - деди министр.