Туризм тармагында 4 жыл ичинде инвестициянын көлөмү 2,3 эсеге өскөн

17 октября 2019, 10:15

2018 – жылы туризм тармагына 59,7 млн. $ түз чет элдик салымдар келип түшкөн. Бул 2017 – жылга салыштырмалуу 3,5 эсеге көп болгон. Бул тууралуу Улуттук стаистика комитети билдирет.

КМШнын катарынан сырткаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн түз чет элдик салымдар 5,1 эсеге көп болгон. Жалпысынан туризм тармагына келип тушкөн инвестициялар 7%, 2017 – жылы бул көрсөткүч 2,8% түзгөн.

Түз чет элдик салымдардын башкы бөлүгү Нидерландиядан – 57%, Швейцариядан – 22,2%, Катардан – 11,9% андан сырткары, Россиядан – 6,9% түзөт.

2018 – жылы туризм тармагындагы курулуштарга 25 млрд.757,4 млн. сом инвестиция келген. Бул 2014 -2017 – жж. салыштырмалуу 2-3 эсеге көп болгон.