Түркияда жалпы шайлоочулардын 13%ы гана добуш берди

5 октября 2020, 13:30

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин алдындагы №9036 участкасында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо аяктады. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Элчиликтин маалыматына ылайык, шайлоо мыйзам чегинде өтүп, шайлоочулар жана байкоочулар тарабынан арыздар түшкөн жок.

«Анкарада шайлоочулардын тизмесине киргизилген 714 шайлоочунун ичинен 13%ы же 93 кыргызстандык гана добуш берди», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күн мурун, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү.