Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40% азайды

18 марта 2024, 11:50

Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40 пайызга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурга карата 266 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Ал эми өткөн жылдын башында алардын саны 445ти түзгөн болчу.

Белгилеп кетсек, баланын күбөлүгү жок болгонуна ата-энесинин паспорту болбосо, балдар үй шартында төрөлсө жана ата-эненин туруктуу каттоосу жоктугу өңдүү бир нече себептер бар.