Самыйкожо: Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам алдамчылык менен өттү

29 ноября 2023, 14:40

Парламент депутаты Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан 1-окууда, ал жокто анын компьютеринен “макул” деген добуш берилгенин айтып, ал ким болсо да, жооп беришин талап кылды.

Анын айтымында, парламент мыйзам долбоорун жашыруун алып кирип, алешемдик менен, алдамчылык менен өткөрдү.

"Бул эмне деген маскарапозчулук, эмне деген көз боемочулук, эмне деген абийирсиздик! Эшиктеги элдин 90% каршы болуп жатат. Кулагын асып жүрүп укпагандар, көздөрүн ачып жүрүп уктагандар биз болуп жатабыз. Бул маселени биз эмес, референдум аркылуу эл чечиши керек эле! ”, - деди депутат Мирлан Самыйкожо.