«118» түз байланыш номеринин башкы кеңсеси дезинфекцияга жабылды

30 июня 2020, 17:00

«118» түз байланыш номеринин башкы кеңсеси дезинфекциялоо иштерине жабылды. Бул тууралуу «118» түз байланыш номеринин консультанты Эльден Калчакеев өзүнүн социалдык баракчасына жазган.



«Чалуу кыйын болчу. Эми андан да кыйын болот. Мурункудай эле 12 линия иштейт. Жашаган жериңиздер боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылууну өтүнөм. Түшүнүү менен мамиле кылууну суранам. Биз да адамбыз. Биз да ооруйбуз», - деп жазган ал.