ЕАЭБ ичинен октябрда тышкы карыздын көлөмү Белорусия жана Арменияда өскөн
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу Армения жана Белорусияда мамлекеттик карыздын көлөмү өскөн. Ал эми биримдиктеги калган мамлекеттерде төмөндөө байкалууда, - деп жазат ЕЭК.
Арменияда жана Белорусияда мамлекеттик карыз 11.2% жана 4% жогорулаган. Ошол эле учурда Казакстанда 4.9%, Кыргызстанда 8.3% жана Россияда 0.9% төмөндөгөн.
Муну менен катар Казакстан менен Россиянын мамлекеттик карызы тышкы карыздын төмөндөөсү менен шартталса, Кыргызстанда ички карыздардын көлөмү дароо 23.3% кыскарганы менен байланыштуу болгон.