Тышкы карызды төлөөгө жардамдашууну каалаган бардык жарандар үчүн атайын эсеп ачылат

12 ноября 2020, 10:50

Финансы министрлигинин Борбордук казыналык жана валюталык эсебине Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн атайын эсеп ачылат. Бул тууралуу финансы министрлигинин сайтында маалымдалат.

Эсепке тышкы карызды төлөөгө жардамдашууну каалаган бардык юридикалык жана физикалык жактар каражат которо алышат.

Коммерциялык банктарга атайын эсепке акча которгондордон комиссия албоо сунушу берилет.

Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоору официалдуу маалымат берилген соң күчүнө кирет.