Жээнбаева: Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү өлкөнүн казынасына түшкөн эмес

15 сентября 2020, 14:10

Доллардын курсунун жогорулашы менен мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү дагы өсүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлиги BBC басылмасына берген маегинде билдирди.

«Акыркы он жылды алып карасак, тышкы карыздын көлөмү менен кошо эл аралык резервдердин (төлөө мүмкүнчүлүк) көлөмү дагы өсүп жатат. Тышкы карызды алуу боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде, каражаттардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн казынасына түшпөстөн, сырттан гана иштетилип келген. Ал эми азыркы күндө алынып жаткан карыздар, мамлекетке түздөн түз түшүп жатат. Бул карыздар эл аралык резервдер фондунда топтолууда. Ошол себептен бул каражаттарды өзүбүз пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Атайын тобокелчиликке алып, курска жараша, эксперттердин сунуш-пикирин эске алып атайын резерв кылабыз», - деп билдирди Жээнбаева.

Эске сала кетсек, мунай баасынын төмөндөшүнө бацланыштуу доллардын сомго карата сонку курсу 79,0 сомго чейин жогорулап кеткен.