Убактылуу өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

6 октября 2020, 12:12

Азыркы учурда өкмөт үйүнүн айланасына топтолгон эл чогулду. Ал жакта «Ыйман нуру», «Реформа» жана «Чон казат» пратияларынын өкүлдөрү дагы бар.

Буга чейин бир партиянын өкүлү Темирлан Орозалиев билдиргендей, өкмөт үйүнүн ичинде үч партиянын жетекчилери убактылуу өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Андан сырткары, «Ата-Журт» саясий партиясынын өкүлү Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров өкмөт башчы болоору мүмкүн экендигин билдирди. Кечке маал чечимдер кабыл алынат.