2021-жылдын үч айында 8.7 млрд сом камсыздандыруу салымдары чогулду

5 апреля 2021, 12:50

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-март айларында 8 млрд 781.2 млн сом камсыздандыруу салымдарын жыйнады. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бекитилген план 102.7% же 231.2 млн сомго көп аткарылган.

2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 750.3 млн сомго көп чогулган же өсүүнүн көлөмү 109.3% түзгөн.