Үч жыл ичинде Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны 17.8 миңге көбөйдү

10 апреля 2020, 13:15

Кыргызстанда 2017-жылдын февраль айынан тарта 2020-жылдын февраль айына чейин жумушсуз жарандардын саны 17.8 миң адамга өскөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Казакстандан башка ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде туруктуу жумушу жок жарандардын саны кыскарууда. Мисалы, Арменияда 2020-жылдын февраль айында чыккан жыйынтыгында жумушсуз жарандардын саны 20 миңге кыскарганы белгилүү болгон.