УКМК: Аспеков Финполдун төрагасы Жакыпеевге каршы көрсөтмө берген эмес

18 января 2021, 15:25

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактарда тарап жаткан активист Мелис Аспеков Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жакыпеевге каршы көрсөтмө берген деген маалымат жалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК атайылап жалган маалыматтарды тараткан жаран КР мыйзамдарына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Эскерте кетсек, «Кыргыз Темир Жолу» УК мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган жарандык активист Мелис Аспеков, Улан Жураев кармалган.

Андан кийин социалдык тармактарда Аспеков Сыймык Жапыкеевге опузалап талап кылган 250 миң доллардан 50 миң долларын бериши керектигин билдирген маалымат тараган.