УКМК: эки чек арачынын аткезчиликке тиешеси бар экендиги аныкталды

22 февраля 2022, 11:00

Ушул жылдын 12-январынан 15-февралына чейин Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 19 тоннадан ашык жүк кармалды. УКМКдан кабарлашкандай, бул иштерге тиешеси бар делип Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкерлери аныкталды.

Маалыматка ылайык, алар прапорщик “И.Н.” жана сержант “Э.М.” экени белгилүү болду.

Учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.