УКМК: ИИМдин медициналык башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды

3 ноября 2020, 12:30

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ИИМдин Медициналык башкармалыгынын жетекчилиги алдында Ички иштер башкармалыгында кызмат өтөөгө талапкерлерден ылайыктуулугун оң жака чечип медициналык корутунду бергени үчүн пара алуу фактылары аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 27-октябрында КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жыйынтыгында КР ИИМ Медициналык башкармалыктын башчысы Аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы, полковник «Ж.Ж.К.» кармалды.

УКМК ККК тергөө кылмыш ишинин алкагында Ички иштер башкармалыгынын кызматына талапкерлерден, анын ичинде ИИМдин Патрулдук милиция кызматынын жаңы түзүлгөн департаментинен ден-соолугунун абалы талапка жооп бербегендиктен (боюнун кыскалыгы, салмагынын ашыктыгы, көзүнүнүн начар көрүшү ж.б.), алардан акча каражаттарын алуу фактылары катталгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси («Пара алуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК ККК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоодо коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын улантып жатат.