Улукбек Кочкоров кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды

24 августа 2020, 15:10

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Бишкекте өткөн маалымат жыйында кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди.

«Бүгүнкү күнү биздин мамлекетке пайда алып келгим келет. Мындан улам министрлик кызматтан кетип, Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо өз талапкерлигимди көрсөтүүнү чечтим», - деди ал.