Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду

28 октября 2020, 09:15

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Маалыматка ылайык, Улукбек Кочкоров кызматтан кетүү тууралуу өз ыктыяры менен арыз жазган.

Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамынын 24- беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин өзү жазган арызынын негизинде кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды жана ал Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду.