Улуттук банк 500 млн сомго узак мөөнөттүү облигацияларды жайгаштырат

29 октября 2020, 17:21

Финансы министрлиги ата мекендик инвесторлордон насыя алууну көздөп жатат. 30-октябрда Улуттук банк жети жылдык мөөнөткө мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырат, деп билдирди жөнгө салуучу.

Векселдердин жүгүртүлүшүнүн көлөмү 7% киреше менен 500 млн. сомду түзөт. Алгачкы төлөмдөр 2021-жылдын май айында жүргүзүлүп, 2027-жылдын аягына чейин ар алты айда төлөнүп турат.