Улуттук банк коммерциялык банк жана акча алмаштыруучу жайларды текшерет

29 сентября 2020, 14:15

Улуттук банк коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-насыя уюмдарды текшерүү боюнча инспектордук текшерүүсүн жандантат. Кепилдик фонду, адистештирилген финансы-насыя уюмдарынын, алмаштыруу жана насыялык бюролор текшерилет. Бул тууралуу регулятор маалымдады.

Улуттук банк бул кадамын өзүнүн функцияларынын негизинде ишке ашырып жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Эске сала кетсек, июль айынын башында Улуттук банк өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам финансы уюмдарын тешерүүнү токтоткон.