Улуттук банк: Алтын-валюта резервдерин көбөйтүү саясаты улантылууда

26 августа 2020, 15:45

Улуттук банк алтын-валюта резервдерин көбөйтүү саясатын жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Толкунбек Абдыгулов өкмөт үйүндө өткөн брифингде маалымдады.

«Улуттук банк алтын-валюта резервдерин көбөйтүү саясатын жүргүзүүнү улантууда. Мында алтын-валюта резерви өзүнүн тарыхый максималдуу деңгээлине – 3,1 млрд АКШ долларына жеткен. Тобокелдиктер орун алган мезгилде мындай саясатты жүргүзүү туура багыт экендиги аныкталган»,- брифингде КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.