Улуттук банк аукциондо 100 млн сом жайгаштырат

14 октября 2020, 10:15

15-октябрда 12 айлык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Эмиссиянын жалпы көлөмү 100 млн сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банк банк ноталарынын эсеби аркылуу 9.7 млрд сомду тартууну пландаштырууда.