Улуттук банк аукциондо беш жылдык баалуу кагаздарды жайгаштырат

3 сентября 2020, 10:00

4-сентябрда беш жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Эмиссиянын жалпы көлөмү 500 млн сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, сентябрь айында финансы министрлиги баалуу кагаздардан бюджтеке 1.9 млрд сом тартууну пландаган. Каражаттын басымдуу бөлүгүн ведомство мамлекеттик баалуу кагаздардын эмиссиясына жумшоону пландоодо.