Улуттук банкта өтө турчу аукцион талаптын жоктугуна байланыштуу болбой калды

5 июня 2020, 10:45

«Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорунун алкагында 4-июнда өткөрүлө туруучу аукцион талаптын жоктугуна байланыштуу өтпөй калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.

Эске сала кетсек, жылына 5% чен менен 2 млрд сом жайгаштыруу пландалган.

Андан сырткары, 12 айлык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча дагы аукцион, катышуучулардын жетишсиздигинен улам өтпөй калды. Анда 50 млн сом коюлмак.