Улуттук банк аукциондо 4.5 млрд сом жайгаштырат

8 декабря 2020, 09:35

Бүгүн, 8-декабрда Улуттук банктын 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу үчүн аукцион өтөт. Бул тууралуу регулятор маалымдады.

Эмиссиянын жалпы көлөмү 4.5 млрд сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн Улуттук банк 14 күндүк ноталардын эсебинен тартууну пландоодо.

Муну менен катар 91 күндүк кыска мөөнөттүү кагаздардын максималдуу кирешеси — 5.75% түздү.

Эске сала кетсек, аукциондорду өткөрүүнүн башкы максаты — бул улуттук валютанын ликвидүүлүгүн банк тутумунан чыгаруу. Себеби, аукциондон түшкөн каражаттар эч жакка которулбайт, бирок белгилүү бир убакытка чейин банк тутумунан алынып салынат дагы Улуттук банкта дагы сакталып кала берет.