Улуттук банк ноталарды жайгаштыруу боюнча кезектеги аукционду өткөрөт

18 января 2021, 15:45

19-январда Улуттук банктын 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу боюнча аукциону өтөт. Бул тууралуу регулятор маалымдады.

Биргелешкен эмиссиянын көлөмү 6.5 млрд сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн Улуттук банк 7 күндүк ноталардын эсебинен тартууну пландап жатат.

Кошумчалай кетсек, 15-январга карата аукционго коюлчу ноталардын көлөмү 14 млрд 24 млн 750 миң сомго бааланууда.