Улуттук банк бюджетке каражат тартуу үчүн кайрадан аукцион өткөрөт

22 октября 2020, 09:40

23-октябрда 7 жылдык мөөнөттүү мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Эмиссиянын жалпы көлөмү 500 млн сомду түздү.

Эске сала кетсек, 19-октябрда 2 жылдык баалуу кагаздар талаптын жоктугунан улам, жайгаштырылган эмес.