Улуттук банк аукциондо 3.9 млрд сом жайгаштырат
27-октябрда Улуттук банк 7,14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.
Баалуу кагаздардын жалпы суммасы 3 млрд 900 млн сомду түзөт. Анын ичинен:
- 7 күндүк — 800 млн сом;
- 14 күндүк — 1.4 млрд сом;
- 28 күндүк — 1.4 млрд сом;
- 91 күндүк — 300 млн сом.
Андан сырткары кошумчалай кетсек, 7 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү 1 млрд сомду түзгөн.