Улуттук банк аукциондо жети жылдык баалуу кагаздарды жайгаштырат

23 сентября 2020, 10:30

25-сентябрда жети жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Эмиссиянын жалпы көлөмү 300 млн сомду түзөт.

Эске сала кетсек, Финансы министрлиги бюджетке баалуу кагаздардын эсебинен 1.9 млрд сом тартууну пландаган. Каражаттын басымдуу бөлүгүн ведомство Мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен түшүрүүнү пландаган.