Улуттук банк аукционсуз баалуу кагаздарды жайгаштырат

2 октября 2020, 17:00

Кыргызстандын Улуттук банкы 5-октябрда беш жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды кошумча жайгаштырат. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.

Эмиссиянын жалпы көлөмү 500 млн сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, 2-октябрда өткөн аукциондун жыйытыгында беш жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын кирешеси 10.91% түзгөн.