Улуттук банк бир коммерциялык банктын директорлор кеңешинин мүчөсүн дайындады

25 января 2021, 15:00

Улуттук банк 2021-жылдын 21-январында директорлор кеңешинин мүчөсүнүн талапкерлигин макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.

Нурлан Идинкулов «Толубай» акционердик коммерциялык банк тарабынан директорлор кеңешинин мүчөсү жана акционердик коммерциялык банктын тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрагасы болуп көрсөтүлгөн.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Нурлан Идинкулов «ФинансКредитБанктын» башкармасынын төрагасынны орун басары болгон.