Улуттук банк коммерциялык уюмдарды каржылоо үчүн аукцион өткөрөт

19 мая 2020, 12:45

Кыргызстандын Улуттук банкы 21-майда банктарды каржылоо максатында насыя аукционун өткөзөт.

Аукционго 1 млрд сом жайгаштыруу пландалууда. Арыздын минималдуу суммасы - 20 млн сом, максималдуу суммасы - 150 млн сомго чейин.

«Каражаттар ишкердик субъекттерди насыялоого, анын ичинен жүгүртүү каражаттарын берүүгө, вирустун таралышынан улам терс экономикалык кесепеттерди жоюу үчүн багытталат», — деп белгилешти Улуттук банктан.

Кошумчалай кетсек, насыя 10% чен менен берилет.