Улуттук банк бир айда 413 млн сомго 63 кг алтын куймаларын сатты

23 марта 2022, 17:02

Улуттук банк 28-февралдан 22-мартка чейинки аралыкта 413,3 млн сомго 63 кг алтын куймаларын сатты. Бул тууралуу борбордук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы мезгилде суроо-талап алтындын бардык куймаларына болууда.

Белгилей кетсек, 28-февралда президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу элге кайрылуу жасап, анда акчасы бар кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган.

Президенттин кайрылуусунан кийин алтын сатып алууну каалаган кардарлардын саны көбөйгөнүн Улуттук банк маалымдаган.

Учурда Улуттук банк 1, 2, 5, 10, 31.1035 жана 100 граммдык алтын куймаларын сатып жатат.